Айызың келип жатканда кошулса бойго бүтүп калабы?
2022.08.01, 10:54
2395
Саламатсызбы! Күйөөм менен этик кирим келе жатканда кошулуп койгонбуз. Эми боюмда болуп калабы? Коргонгон эмеспиз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.08.2022, 10:54
Айнура Кушубекова
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун акушер-гинекологу
Саламатсызбы! Этек кир келип жатканда кош бойлуу болуп калуу мүмкүн эмес. Негизинен, менструалдык цикл учурунда жыныстык катнашка барууга болбойт. Инфекциялар кирип кетип, сиз гана эмес өнөктөшүңүздө да сезгенүү оорулары пайда болушу мүмкүн. Гинекологго барып текшерүүдөн өтүп коюңуз.
0
Пайдалуу жооп