// //

Баткен облусунун жашоочулары 3 жылга чейин пайызы жок кредит алалат

2022.07.27, 15:16
705

Кредитти Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдар, чакан жана орто бизнестин субъекттери ала алышат.

Багыты: аинйыл чарбаны өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактоочу жайлары, инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялар тармагында иш алып баргандар ала алат.

  • Кредиттер 10 000 000 сомго чейин берилүүдө.
  • 36 айга чейин пайыздык чен - жылдык 0 % ,
  • 60 айга чейин–алгачкы 36 ай үчүн пайыздык чен жылдык- 0%, андан кийинки 24 ай -жылдык 3 % менен берилүүдө.
  • Натыйжалуу пайыздык чен үч жылга чейинки кредиттин мөөнөтү үчүн 0%ды түзөт. Беш жылдык кредиттер үчүн биринчи үч жылга - 0%, акыркы эки жылга - 3,04%ды түзөт.
  • *300 000 сомго чейинки кредиттер күрөөсүз берилсе, андан жогору - күрөө талап кылынат.

Урматтуу Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочулары, кошумча суроолор боюнча маалыматты "Айыл Банктын" Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларынын аймактык филиалдарынан алсаңыздар болот.

Ошондой эле, төмөндөгү телефондорго кайрыла аласыздар:  0(312) 68 00 00, 0(556) 68 00 00, 0(222) 68 00 00, 0(707) 68 00 00.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт