// //

"Курстарга барган жокмун". ЖРТдан эң жогорку упай алган Эрлан менен маек

2022.07.01, 15:26
664

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган Эрлан Колбаев Kaktus.kg сайтына ЖРТга кантип даярдангандыгы тууралуу айтып берди.

Эрлан Бишкектеги No70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү. Ал ЖРТга эч кандай курска барбай эле даярданганын айтат.

"Мен эч кандай курска барган жокмун. Уйдөн эле төрт айдай катуу даярдандым. Мектепте жакшы окучумун, тестте ошол мектепте өтүлгөн эле темалар келет. Андан башка сыры жок. Ошондуктан сабакты жакшы окуса жетиштүү",-деп тест тапшыруу учурунда аябай берилүү менен тапшырмаларды аткарганын белгиледи.

Эрлан ЖРТдан барынан биринчи болорун күтпөгөнүн айтат.

"Жогору упай алам деп күткөм бирок, эң жогорку упай алам деп ойлогон эмесмин. "Алтын сертификат" алганымды досторумдан билип, көпкө ишенбей жүрдүм. Барынан да ата-энем көп сүйүндү"- дейт ал.

"Мектепте жүргөндө бизнес тармагында дагы окуп калдым. Ошондон улам экономикага кызыга баштагам, ошол тармакта окуюн деп жатам. Бирок, кайсы университетке тапшырууну чече элекмин. Көпчүлүк чет өлкөгө чыгып окугусу келет эмеспи, ал эми мен Кыргызстанда эле калып окугум келет. Анткен менен кесе айта албайм, оюм өзгөрүп да кетиши мүмкүн",- дейт.

Кызыгы Эрландын бир туугандарынын баары бир мектепте окуган жана агасы да "Алтын сертификат" алган. Байкеси ага мотивация болгонун айтат.

"Бир ийгиликке жетүү үчүн биринчиден каалоо керек. Анан билим алуу эң маанилүү деп ойлойм. Анткени көп нерсеге жеткирет. Ар бир адамдын өзүнүн күчтүү тарабы бар, бирок аны дагы өнүктүрүүгө эмгек талап кылынат",- деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт