// //

Кыйналып кеттим, 7 айлык кезде эле укол сайдырып төрөсөм болобу?

2022.06.23, 17:03
2643

Азыркы учурда 7 айлык боюмда бар. Бир аз кыйналып жатам. Белим ооруп, бастырбай, буттарым шишип кетти. Сурайын дегеним, 7 айлык кезинде эле укол сайдырып төрөп алсам болобу? Антпесем кыйналып чыдабай калдым.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.06.2022, 17:03

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык, урматтуу айым. Сиздин кыйналып жатканыңызды түшүнүп турам, бирок 7 ай төрөт үчүн өтө эрте. Жети айлык болуп төрөлгөн наристелердин арасында жашап кеткендерди саны көп эмес.

Ооба айрым учурларда, мөөнөтүнөн эрте төрөтүүнү туура көргөн медициналык көрсөтмөлөр болот. Бирок андай чечим эненин же баланын өмүрүнө коркунуч келип турган учурда гана кабыл алынат.

Учетто турган гинекологуңузга кайрылып, абалыңызды жеңилдетүү үчүн кандай чара көрсө болот деп кеңеш сурап көрүңүз. Бирок доктурлар сыйкырчы эмес. Кээде жөн гана убакытты күтүү зарыл.

Аман-эсен көз жарып, ден соолугу бек наристелүү болушуңузду тилейм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт