// //

Варикоз тукум кууйбу?

2018.02.09, 15:38
1232

 

Варикоздун кандай зыяны бар? Ал туукум кууйбу?

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.02.2018, 15:41

Фатима Тилекеева 

Флеболог

 

Ооба, варикоз генетикалык оору десек болот. Тукум кууйт. Эгерде атасында, апасында же чоң энелеринде бар болсо, ал кийин ген аркылуу берилет. Коркунучтары боюнча айта кетсем, варикоз болгон кан тамырларда кан өтпөй калып тромбдор пайда болот. Кан акпай туруп калганда анын курамы өзгөрүлүп, коюу боло баштайт. Жыйынтыгында операция кылуу керек. Башкача айтканда профилактикалык операция эмес, адам жанын сактап калуу операциясы. Себеби тромб жарылып, үзүлүп кетсе өпкө тарапка доо кетирип, адам дем ала албай каза табат.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт