// //

Сени өз максаттары үчүн пайдаланган адамды жашооңон чий. Дейл Карнегиден кеңеш

2022.06.11, 09:34
3864

Дейл Карнеги, башкалар менен мамиле куруу психологиясында революция жасаган. Анын китептери дүйнөнүн 30 тилине которулуп, 100 жолу кайра басылып чыгарылган. Америкалык атактуу оратор жана педагогдун 10 кеңешин Bilesinbi.kg өз окурмандарына сунуштайт. Окуп көрүңүз.

  1. Эгер бактылуу болгуңуз келсе, башкалардын сизге рахмат айтып же айтпай тургандыгы тууралуу ойлонбой эле коюңуз. Андан көрө жасаган ишиңизден ырахат алып, каниет кылып жүрө бериңиз.
  2. Эч качан душмандарыңыздан өч алам деп аракет кылбаңыз. Аларга зыян келтирем деп жатып, өзүңүз көбүрөөк убайым тартасыз.
  3. Эйзенхаурден үлгү алгыла: сизге жакпаган адамдар тууралуу ойлонууга бир мүнөтүңөрдү да коротпогула.
  4. Сын такпагыла, айыптабагыла, даттанбагыла
  5. Эсиңизде болсун, сиз менен сүйлөшүп жаткан адам түп тамырынан туура эмес ойдо болушу мүмкүн. Бирок, ал андай деп эсептебейт. Аны айыптабай эле коюңуз.
  6. Башка адамдын ордуна туруп, өзүңүздүн эмес анын эмнени каалап жатканын түшүнүүгө аракет кылыңыз. Кимде ким ушуну үйрөнсө, бүтүндөй дүйнөнү алаканына салып алат.
  7. Эгер адам сени өз максаттары үчүн пайдаланып жатса, мындай кишини жашооңон чийип сал.
  8. Эгер тагдыр сага кычкыл лимон сунуштаса, аны таттуу лимонадга айландыр.
  9. Ар дайым иш менен алек болуңуз. Бул дүйнөдөгү эң арзан даары. Эң эффективдүүсү да ошол.
  10. Өзүңдү бактылуу адамдай алып жүр, ошондо чындап эле бактылуу болосуң.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт