Жыныс кыны эмне себептен кургап кетери тууралуу кызыктуу маалымат
2022.06.06, 16:10
14844
Жыныс кынындагы жагымсыз кургактык, ар кайсы куракта жана ар кандай себептерден улам пайда болушу мүмкүн.
Негизи жыныс кыны климакстын алдында кургап баштайт. Бирок, акыркы убакта бул көйгөй менен жаш келиндер, кыздар көп кайрылууда.
Белгилери:
- ыңгайсыздык жаратат
- ачышат
- кычышат
- сийгектейт
- жыныстык катнаш учурунда оорутат.
Себептери абдан көп
- Энелик безин алдырган болсо
- Эндометриоз
- Жыныстык жол аркылуу жукчу инфекциялар
- Вагинит
- Герпес
- Начар иммунитет
- Стресс, депрессия
- Туура эмес тамактануу
- Гормоналдык бузулуу
- Ар дайым чарчаңкы абалда жүрүү ж.б.
Диагнозду гинеколог гана коет
- Креслого отургузуп алып текшерет
- Флорага мазок алат
- Кольпоскопия жана видеокольпоскопия аспаптарынын жардамы менен карап чыгат.
Дарылоо оорунун пайда болгон себептерине жараша жүргүзүлөт.
Эч качан өз алдынча дарыланбагыла!
Жыныстык гигиена эрежелерин сактап, гипоаллергиялык антисептиктерди колдонгула.
Баарыңарга ден соолук каалайм!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.