// //

Башыңызга күн өтүп кетпесин десеңиз, бул кеңештерге кулак салыңыз

2022.06.06, 12:47
1596

Жайдын аптаптуу күндөрүндөгү ысыктан сактануунун бир нече жолдорун  Bilesinbi.kg сиздер үчүн сунуштайт. 

  • Ным чүпөрөк менен кулактын артын сүртүп туруңуз;
  • Көчөдө көпкө жүрбөөгө аракет кылыңыз;
  • Физикалык күчтү талап кылуучу ишти азайтыңыз;
  • Бөлмөнү шамалдатып туруңуз (терезени ачып, вентилятор, кондиционер ж.б).
  • Көчөгө чыгаарда моюну кенен, ачык түстөгү, денеге чапталбаган, табигый кездемелерден тигилген кийим кийиңиз. Сөзсүз түрдө күндөн коргоочу көз айнек, шляпа, панама, кепка ж.б. 
  • Ысык мезгилде энергияга болгон муктаждык төмөндөйт. Демек, жай мезгилинде организмге аш болумдуу тамак-аш талап кылынбайт. Ысык мезгилде майлуу тамактардан баш тартуу керек жана эт менен тамактанууну минимумга чейин азайтуу абзел. Эттин ордун балык же деңиз азыктары менен алмаштыруу сунушталат. Ышталган, куурулган жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын алыс болуңуз;
  • Күндүн ысык мезгилинде көп тамактануудан баш тартыңыз. Эртең менен жана кечинде тоюмдуу тамак жеп алсаңыз туура болот. Тамакты бышырууда жана сактоодо гигиеналык жана технологиялык талаптарды так сактоону эсиңизден чыгарбаңыз;
  • Организмди толук кандуу суу менен камсыздап туруу үчүн суюктукту көп ичүү сунушталат. Чай, минералдык суу, жемиш суусундуктары, курамында майлуулугу азкычкыл сүт азыктары, кургатылган мөмөлөрдүн кайнатмалары, байытылган суусундуктарды ичиңиз;
  • Газдалган, курамында шекери көп суусундуктар, энергетикалык жана алкоголдук ичимдиктерден баш тартыңыз;
  • Күнүнө 1,5 литрге чейин суюктук ичүү керек. Ошол эле учурда, бөйрөк жана жүрөк-кан тамыр системасы менен ооруган адамдар суунун көлөмүн көбөйтүүгө болбой турганын эстен чыгарбоосу зарыл;
  • Иммунитетти бир калыпта сактап туруу үчүн таза жуулган мөмө-жемиштерди жеп туруу сунушталат;
  • Күндүз мүмкүн болушунча жылымык суу менен душка түшүү сунушталат;
  • Жумуштарды эртең менен же кечинде ысык басылгандан кийин пландаштырууга аракет жасаңыз;
  • Дүкөндөргө, кинотеатларга жана башка объектилерге барарда кондиционер орнотулган жайларга артыкчылык бериңиз;
  • Көлмөлөргө, аккан сууларга түшпөңүз. Коопсуздук биринчи орунда болушу керек.

Мындан башка ысыктан коргонуунун жолдорун билсеңиз комментарийге жазыңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт