Боюнда бар сиңдимди таштап кеткен жигитин сотко берсек болобу?
2022.05.31, 12:15
7365
Саламатсызбы! Сиңдимдин боюнда бар экен. Жигити таштап кетиптир. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Жигитин сотко берсек кандай жаза алат?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.05.2022, 12:16
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Жигитти жоопко тартуу маселеси боюнча, биринчиден милицияга кайрыласыз. Милиция ал адамдын аракеттеринде кылмыштын курамы барбы же жокпу аныктайт. Мисалы, сиңдиңиз жыныстык катнашка каалоосу менен барганбы, мажбурлоо болгон эмеспи дегендей. Андан кийин иш боюнча чечим кабыл алынат. Ошондой эле, бул жерде сиңдиңиздин жаш курагы дагы мааниге ээ экенин айта кетүү керек. Жашы жетелек менен жыныстык катнашка баруу- бул кылмыш!
0
Пайдалуу жооп