"Сүйүнгөнүмдөн сөз таппай калдым!" Экоакциянын жеңүүчүлөрү аныкталды
MasterCard жана «Айыл Банк» ААКсынын экоакциясынын II этабынын жеңүүчүлөрүнө салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
Эске салсак, накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуу жана ошондой эле айлана-чөйрөгө кам көрүү максатында «Айыл Банк» ААКсы буга чейин эл аралык MasterCard картасынын ээлери арасында эки этаптан турган экоакциясын баштаган. Бул экоакциянын экинчи этабы 2022-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин созулду.
Бардык шарттарды аткарып, Роза Кулжачарова менен Айсулуу Исаева электрскутер, Дамира Абдурахманова болсо электрвелосипедин жеңип алышты.
“Айыл Банктын” атынан акциябызга катышкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз жана жеңүүчүлөрдү дагы бир жолу сыйлыктары менен куттуктайбыз!