// //

Журналист болом деп кыялданып

2018.02.08, 13:56
827

Мен азыр 9-класстын базасы менен Нефти газ факультетинде 1-курсмун, бирок тандаган кесибим өзүмө жакпайт. Мен так илимдерге кызыкпайм, бул кесипти ата-энем тандаган. Башында жаккан, бирок негедир азыр эч окуганды каалабайм. Өзүм болсо 2-классымдан бери журналист болом деп кыялданып англис, түрк тилдерин үйрөнгөм. Эми кандай кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.02.2018, 13:59

Канат Үмөтаалы уулу

КМУ окуу бөлүм кызматкери

Сен 9-класстын базасы менен колледжге тапшыргандан кийин аны окуп бүтүп анан жогорку окуу жайга тапшырасың. Андан кийин өзүң каалаган окуу жайдын журналистика факультетине окусаң болот. Биринчи сен окуган жана окуй турган сабактарыңа жараша айырмачылык топтолот, сабактардын айырмасы 8ден 10 чейин болуп калса 1-курска, 8ге чейин болсо 2-курска олтуруп окууңду баштайсың.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт