// //

Бир жерге күрөөгө коюлган мүлктү, экинчи жерге койсо соттолобу?

2022.05.26, 12:45
1147

Саламатсызбы! Мен ломбардда иштейм. Бир адамга чоң суммадагы акча бергем. Ортобузда келишим, займ бар. Коюлган күрөөнү ыйлап "апам ооруп калыптыр барып келейин" деп чыгарып кетип, башка жакка күрөөгө коюп салыптыр. Ушундай учурда кандай кылсам болот? Сотко кайрыла аламбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.05.2022, 12:49

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман!

Ломбардда иштейм деп айтып жатасыз, демек ишмердүүлүгүңүз Кыргыз Республикасынын Ломбарддардын иши жөнүндөгү мыйзамдын негизинде жүргүзүлүүсү тийиш. Ошондуктан сизде займ келишиминен башка, сизге берилген мүлк боюнча күрөө билети болуусу керек. Бул билет азыр сиздеби же кайтарып бергенсизби так айтпаптырсыз.

Анан көп суммадагы акча бергенмин деп жатасыз, демек сиз берген сумма 50 000 (элүү миң) сомдон жогору болсо, мыйзам чегинде сизде бул жөнүндө нотариалдык формада келишим түзүлгөн келишим болуусу керек.

Бүгүкү күндө сиз келишимдерди, документтерди топтоп, сотко доо арыз менен кайрылсаңыз болот. 
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт