Тумоолоп түйүлдүгүм түшүп калды
2018.02.08, 10:47
893
Мен 20-январда тумоолоп, аябай жөтөлүп ошондон улам кан келип 4-5 жумалык түйүлдүгүм боюмдан түшүп калган. Мындан улам кан токтосун деп таблетка ичкем. Эми дагы эле көп эмес аз аздан кан же күрөң түстөгү суюктук келип жатат. Бойдон түшүп калгандан кийин кандын ушундай келгени нормалдуубу? Мен эми качан төрөсөм болот же канча убакыт сактанышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.02.2018, 10:52
Бактыгүл Муратова
гинеколог
Биринчиден УЗИге түшүү керек. Аз аздан болсо дагы кан келиши керек эмес, кан деген бойдон түшкөндөн кийин аздан бир жумадай эле келет. Суюктуктун дагы келүүсү нормалдуу эмес. Жок дегенде жарым жыл боюңда кылбай сактанып койгонуң жакшы. Андан кийин текшерилип анан төрөй берсең болот.
0
Пайдалуу жооп