Сүннөткө отурса жыныстык катнаш узагыраак болот деген чынбы?
Жашым 28де, үйлөнө элекмин. Кичине кезимде сүннөткө чала отургузулган экемин, жыныстык катныш учурунда тез бүтөм. Сүннөткө отурса жыныстык катнаш узагыраак болот деген чынбы? Кандай зыян жактары бар? Лазер менен жакшыбы же хирургиялык жол менен жасатыш керекпи?
Азат Бейшенов
Уролог
Лазер менен болобу же хирургиялык жол менен болобу айырмасы жок. Ооба, сүннөткө отургандан кийин жыныстык катнаш узарышы мүмкүн. Бул процедуранын терс жагы жокко эсе.
Medportal.ru сайтында бул тууралуу мындай деп жазылган.
Сүннөткө отургузуунун артыкчылары деп төмөнкүлөр айтылат:
- жыныс системасындагы шишиктердин (опухоль) пайда болуусун алдын алат;
- жыныстык актынын узартат;
Жыныстык мүчөнүн учундагы ашыкча терини алып салгандан кийин, фаллос жыныстык катнаш учурундагы сүрүлүүгө мурункудай сезимтал болбой калат, бул өз кезегинде эркектеги оргазмдын келишин узартат. Ошондуктан дарыгерлер уругу эрте түшкөн айрым мырзаларга сүннөткө отурууну сунушташат.