// //

Жатыны кош мүйүздүү айымдар спираль салдырса болобу?

2022.05.24, 15:08
907

Саламатсызбы! Менин жатыным кош мүйүздүү (двурогая матка). Спираль салдырсам болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.05.2022, 15:08

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Кош мүйүздүү жатын бул жатындын өнүгүү процессинде жүргөн тубаса кемтик. Анда жатын толугу менен же жарым жартылай экиге бөлүнөт.

Мындай диагноз коюлганда жатын ичине салынуучу спираль менен кош бойлуулуктан сактануу кооптуу. Себеби жатынды козгоп, оорутуп коюу коркунучу жогору.

Эч кандай травма болбогон күндө да спираль өз функциясын аткарбашы мүмкүн, жана бул контрацепция ыкмасы эффективдүү болбой калат.

Сиз үчүн оптималдуу вариант гинекологдон толук консултация алгандан кийин айкалышкан (комбинированный) оралдык контрацептив же презерватив колдонуу.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт