Аялым баш кошкондон кийин салган үйүмдү талашып жатат?
2022.05.23, 11:38
6514
Саламатсызбы! Ажырашып жатабыз, үйлөнгө чейин менин атыма участок бар болчу. Үйлөнүп үй салдым. Эми аялым талашып жатат. Бул жагы кандай болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.05.2022, 11:53
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
Үйдү баш кошкондон кийин салганыңар үчүн, ал жубайлардын ортосундагы мүлк болуп саналат. Андыктан ал үйгө аялыңыздын да укугу бар.
Негиз: Үй-бүлө кодексинин 35-беренеси.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп