Бул 4 себеп эмнеге аялдар тукумсуздукка чалдыгарын билдирет
Салам достор! Бүгүн биз силерге аялдар тукумсуздугунун кеңери таралган себептерин айтып беребиз. Эгерде айрымдары сизге тааныш болсо, дароо бейтапканага чуркап барыңыз. Дарыгердин айтканын жасап, убагында дарылансаңыз, тукумсуздук өкүм болбойт.
Жатын түтүкчөлөрүнүн көйгөйлөрү
Бул себепке жатын түтүкчөлөрүнө байланышкан бардык көйгөйлөр кирет. Мисалы, жатын түтүктөрүнүн бүтөлүп калышы. Бул болсо жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды убагында дарылабай коюудан, кооптуу бойдон алдыруудан кийинки сезгенүүдөн, төрөттөн кийинки сепсис ж.б. кесепеттерден улам келип чыгат.
Жатындын патологиялык абалы
Жатындын патологиялык абалына булар кирет: сезгенүүлөр (мисалы, эндометриоз), туубаса (жатындагы тосмо), зыянсыз (мисалы, миома). Бул оорулардын болушу аялдарды тукумсуздукка чалдыктырат.
Энелик бездердин патологиялык абалы
Энелик бездердин патологиялык абалы дегенде, энелик бездердин поликистоздук синдрому жана башка фолликулярдык бузулуулар, залалсыз шишиктер, сезгенүүлөр ж.б кирет.
Гормондордун бузулушу
Бул себепке гормондордун дисбалансын пайда кылган эндокриндик системанын бузулушу кирет. Эндокриндик система гипоталамус жана гипофизди камтыйт. Бул системалардын бузулушу гормондорго терс таасир этип, тукумсуздуктун бир себебине айланат.