// //

Аялым мага көргөзбөгөн балага алимент өндүргүсү келип жатат. Эмне кылам?

2022.05.20, 15:24
1201

Саламатсызбы! Аялым экөөбүз ажырашканбыз. Ортодо 1 бала бар, мага баланы такыр көргөзбөй келет. Эми алимент талап кылып жатат. Баланы кандай жол менен алсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.05.2022, 15:28

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 66-беренесине ылайык балага ата-эне бирдей укуктуу. Баланы макулдашуу аркылуу өзүңүзгө алуу мүмкүн болбой жатса, анда бул маселе сот аркылуу чечилет. Сотко "баланын жашаган жерин аныктоо" боюнча доо арыз менен кайрылышыңыз керек болот.
Же эч болбосо "бала менен көрүшүп туруунун графигин" түздүртүп алсаңыз болот.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт