// //

Турмушка чыккан апамды кантип кызганбай койсом болот?

2022.05.20, 12:14
3888

Ата-энем кичинекей кезимде ажырашып кеткен. Апам мен 20 жашка чыкканга чейин турмушка чыкпай жүрдү. Быйыл өзүнүн классташына баш кошту. Апам экөөбүз бири-бирибизге абдан көнүп калганданбы Екатеринбургда окуп жаткан жеримден Кыргызстанга котортуп алды. Азыр эч нерсе көңүлүмө жакпай, жашоого койгон максаттарым жоголуп кеткендей болуп жатат. Конокто жүргөндөй боло берем. Колдон келсе апамды алып чыгып кетким келет. Апам үчүн эле жашап жүрөм. Өзүмдүн атама кетейин десем апам каршы. Мен эмне кылам? Туура эмес ой жүгүртүп жатамбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.05.2022, 14:28

Каныша Кожогелдиева

Психолог

Кызым, чоңоюп, акыл эс кирип калган акылдуу кыз өңдөнөсүң. Бардык эле бала кайсы жашта болбосун турмуш кура элек болсо ата-энесине сөзсүз байланат. Ата-энени күтөт, алар менен чогуу болууга умтулат. Апаң сен 20 жашка чыкканга чейин эч нерседен кем кылбай багып, сен чоңойгончо турмуш курбай жүрө бериптир. Ушул себептен сен бул жагдайга көнүп калгансың. Колдон келишинче бөлүшкөнгө үйрөнүп, апаңдын да келечегин ойлошуң абзел. Өзүң кыз адам болгондуктан сен да турмуш курасың. Бул нерсени эстен чыгарба. Апаңды жакшы көрсөң, ал жактырган адамды сен да жакшы көргөнгө аракет кыл. Кызганып жакшы көрөөрүңдү далилдей албайсың, далилдөө үчүн бактылуу болууга шарт түзүп, көмөк көрсөтүшүң керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт