Мен мектепти 7 жыл мурун бүткөм. Быйыл ЖРТ тапшырсам болобу?
2022.05.20, 11:29
2135
Саламатсызбы! Мен мектепти 7 жыл мурун бүткөм. Жашоо шартка байланыфштуу окууга тапшыра албай калгам. Эми быйыл ЖРТ тапшырсам болобу? Окууга өтүм келет. Аттестатым бар, ал керек болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.05.2022, 11:31
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! Ооба, кошумча каттоо учурунда катталып тапшыра бересиз, эч кандай тоскоолдук жок. Бул жерден сиз милдеттүү түрдө негизги тестти, анан кааласаңыз кошумча предметтик тесттерди дагы тапшырасыз. Туура айтасыз, сөзсүз аттестатыңыз керек болот. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп