// //

Дайым түндө ойгоном

2018.02.08, 10:30
1056

Менин суроом төмөндөгүчө. Мен дайыма түнкү саат 03:00 дөн кийин ойгоно берем. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Эрте жатамбы, кеч жатамбы баары бир автоматтык түрдө ушул убакытта ойгоном.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.02.2018, 10:32

Бул нерсеге сырткы жана ички факторлор таасир бериши мүмкүн. Сырткы факторлорго жаныңыздагы адамдын коңуругу, сырттагы ызы-чуулар, уктоочу бөлмөгө жарыктын түшүшү, бөлмөдөгү темпратуранын туруктуу болбошу, жаткан төшөгүңүздүн ыңгайсыз болушу кирет. Эгерде бул нерселердин бирөөсү сизде байкалса, аны оңдоп койсоңуз жардам берет. Көйгөйлүүсү ички факторлор десек болот. Адамдын жашы канчалык улгайган сайын, уйку ошончолук качат. Ошондой эле айымдарда менструация, климакс жана кош бойлуулук учурунда уктоо режими бузулат. Артрит ооруларында, жүрөк сиситемасынын жана ички органдардын иштөө функциясынын бузулуусунда, стресс, депрессия сыяктуу неврологиялык көйгөйлөрдө түнкүсүн уйку жок болуп, адам ойгонот. Андыктан сиз создуктурбай тезинен дарыгерге кайрылып, текшерүүлөрдөн өтүңүз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт