Кыздардын арасындагы чыныгы достуктун 5 белгиси
Салам достор! Көпчүлүк кыздардын арасында достук болбойт деп эсептешет. Чынында эле кыздар арасында чыныгы достук болобу, болсо кандай белгилер менен далилденет жана кайсыл учурларда начарлайт деген суроого Москва Гештальт институтун бүтүргөн психолог Гүлмира Молдокулова жооп берди.
Жалпы кызыкчылык
Көп нерсеге окшош көз караш. Жашоого болгон баалуулуктары, кызыкчылыктары бирдей болсо. Бири-бирине кыял- жоруктары окшошсо жана жакса. Анда мындай достук ийгиликтүү жана түбөлүктүү болот.
Пикир алышуу
Кыздар үчүн өзгөчө бул баарлашуу, жаңылыктарды бөлүшүү болуп эсептелинет. Кээде жөн эле олтуруп, кофе же чай ичип алып сүйлөшүү дагы достук үчүн маанилүү.
Сыр бөлүшүү
Сырларды бөлүшүү жакын достордо болуучу сапат. Ага жашооңдо болуп жаткан сүйүнүчтөгү, кайгыдагы сырларыңды айта аласың, себеби сен ага ишенесиң. Эгер досуң ал сырды сактай албай бирөөгө айтып койсо анда достукта жарака кетет.
Кеңеш жана жардам берүү
Достун сага, сенин ага чын жүрөктөн кеңеш жана жардам бергениң. Дос деген баарынан кеңеш менен жардамды күтө бербейт, дос досунан күтөт. Айттырбай жардам сунуу, кеңеш айтуу достукту бекемдейт.
Чогуу убакыт өткөрүү
Көпчүлүк убакта бирге болуу. Биргеликте үй тапшырманы аткаруу, сейил бактарда сейилдөө, чогу кийим-кечек сатып алуу. Убакытты курбуга арноо, чыныгы достукка кадам шилтөө.