// //

Джеки Чандын түрмөдөн чыккан уулуна жазган каты

2022.05.11, 11:24
16265

Джеки Чандын жалгыз уулу Джейси 6 ай түрмөдө олтурган. Аны баңгизатты таркатуу жана колдонуу беренелери боюнча жоопко тартышкан. 2015 – жылы боштондукка чыкканда Джеки Чан “Ажыдаардын кылычы” киносунун бет ачаарын уюштуруп жүргөн. Уулун тосо абай калып, ага видео тартып жиберген. Видеосунда төмөнкүдөй деп айтылат:

Уулум, биз көптөн бери көрүшө элекпиз. Сенин атаң, адаттагыдай эле иштегени кетип калды. Ооба, кичинеңде да кино тартуудан колум бошочу эмес. Экөөбүз чанда гана көрүшүп турчубуз. Сени көргөн сайын, чоңоюп, бой жетип калганыңды байкайм. Бул жолу да ошондой болду. Мен сага айткым келет, уулум, мен сага ачууланган жокмун. Жаштык кезде мен да ката кетиргем, эң негизгиси – аларды оңдоо. Сен, чыныгы эркек катары, каталарыңды мойнуңа алышың керек. Кандай болгон күндө да, апаң экөөбүз ар дайым сени колдойбуз. Сен иштериңди бүтүргөнчө, менин да жумуштарым аяктап калат, анан чогуу кытай жаңы жылын тособуз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт