// //

Эмне үчүн жаман кыздар, жакшы кыздарга караганда бактылуу

2022.05.10, 15:16
5975

"Жаман кыздар" десек, оюңузга эмне гана келбеди, туурабы? Андай эмес. Тилекке каршы, өзүн, каалоолорун биринчи орунга койгон кыздарды көпчүлүк жаман кыз деп ойлошот. Мына ошолор, эмне үчүн бактылуу экенин айтып беребиз. 

Жакшылап укташат

Өзүнүн сулуулугун жана ден соолугун баалаган айымдар, уйкуга жакшылап көңүл бурушат. Алар үчүн уйку жуулбаган идиштен, кир кийимдерден, чачык үйдөн, тамак жасоодон маанилүү. Эгер алар уйкуга көңүл бурбай коюшса, чарчап, энергиясы жок каларын жакшы билишет. 

Алар кызыгууларынан уялбайт

Өздөрүнө эмне жакса, ошону кылышат. Кызыгууларын "Эл эмне дейт" деген нерсеге алмаштырышпайт. Спорт залдан чыгып алып, чоң гамбургер жеп коюшат. Акылдуу китеп окугандын ордуна сериал көрүп жатып алышат. Музейге баратып кофеге кирип кетишет. Кыскасы, акылсыз көрүнгөндөн уялбайт.

Жоопсуз сүйүүдөн азап тартышпайт

Жактырган жигиттери карабай койсо, өздүк баасы түшүп калбайт. Демек, ал анын адамы эмес экен деп билет. Жигити менен мамиле үзгөндөн кийин, күн сайын сүрөтүн карап ыйлабайт. Аны баалабаган адамдарга жолобойт. Жоопсуз сүйүүлөрдөн жаздык кучактап ыйлабайт. 

Кечиккендерди күтпөйт

Бул кыздар үчүн убакыт деген маанилүү нерсе. Эгер башкалар алардын убактысын баалабаса, күтүп отура бербей кетип калат. Анын убактысын баалабайсызбы, алар дагы баалабайт. "Пробкага тыгылып калдым", "чоң энени жолдон өткөрдүм" деген шылтоолор буларга өтпөйт. 

Каалоорун ачык айтат

Бир нерсе жакпаса дароо айтат. Жакпаган нерселерине ыраазы болуп отура бербейт. Эмоцияларын жашырбайт, уялбайт. Бирөөгө жагууга аракет кылып, өзүнө туура эмес мамиле жасатууга жол бербейт. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт