Лазер менен кетирүү коркунучтуу
Беттеги анарды кантип кетирсе болот?
Мээрим Давлетова
дермотолог, косметолог
Беттеги анарды көбүнчө лазердин жардамы менен кетирип койсо болот. Лазерлердин ар кандай түрлөрү, ар түрдүү толкундары бар. Анардын ( кызыл, кара, күрөң ) түрүнө жараша лазер тандалат. 1 эле жолку иш аракетинде кетип калбайт, 5 ирээт кылуу керек. Бирок айта кетчү нерсе анар 100% кетпейт, болгону азаят. Коркунучтуусу анарды кетирем деп жатып терини рак формасына өткөрүп алуу, анткени лазер менен күйгүзгөндө тери жукарат дагы жаман клеткалар ойгонот. Менин сунушум бул ыкманы кылганга жараша немец же корей лазерлери менен жана өз ишин мыкты билген адиске кайрылып кылдыруу абзел. Азыркы учурда биздин мекенибиздеги кытайдын лазерлери менен кылдырып алып, кесепети тийип кайрылгандар дагы бар.