// //

Шпаргалка. Биринчи свиданияга барганда эмне жөнүндө сүйлөшүү керек?

2022.05.08, 12:17
1381

Мына ошентип көптөн күткөн күн келди. Бүгүн свиданияга барасыз! Бирок, сизде "Аны менен эмне жөнүндө сүйлөшөм?" деген суроо пайда болду. Кабатыр болбоңуз, биз биринчи свиданияда убакытты текке кетирбей, ал адам тууралуу пайдалуу нерселерди билиш үчүн керектүү суроолорду тизмектеп чыктык. Бул шпаргалканы телефонуңузга тартып алыңыз. 

  • Азыркы учурда кандай пландарың бар?
  • Сага кандай фильмдер жагат?
  • Сен кандай нерселерди таптакыр кабыл алалбайсың?
  • Эмне менен алектенүү сага бакыт тартуулайт?
  • Миллион сом берем десе дагы, эмнени такыр жасабайт элең?
  • Эс алууну кандай өткөрүүнү жактырасың?
  • Сага кандай сапат жакпайт?
  • Сен сыймыктанган нерсе? Мисалы, бир иш жасагандыр.
  • Жашоодо эмнеге ыраазысың?
  • Ким менен сыймыктанасың жана аны үлгү катары көрөсүң?

Бул суроолорду сурак алып жаткандай эмес, жай отуруп, өз сөзүңүз менен сураңыз. Башында өзүңүз жөнүндө айтып бериңиз. Анан ал жооп берип жатканда сезимдериңизге байкоо салыңыз. Ачууңуз келген жокпу, же көп жооптору менен макул эмессизби дегендей. Эгер сизге анын жооптору жагып, ичиңизде көпөлөутөр уча баштаса, анда мамилени андан ары улантууга болот. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт