Шпаргалка. Биринчи свиданияга барганда эмне жөнүндө сүйлөшүү керек?
2022.05.08, 12:17
1509
Мына ошентип көптөн күткөн күн келди. Бүгүн свиданияга барасыз! Бирок, сизде "Аны менен эмне жөнүндө сүйлөшөм?" деген суроо пайда болду. Кабатыр болбоңуз, биз биринчи свиданияда убакытты текке кетирбей, ал адам тууралуу пайдалуу нерселерди билиш үчүн керектүү суроолорду тизмектеп чыктык. Бул шпаргалканы телефонуңузга тартып алыңыз.
- Азыркы учурда кандай пландарың бар?
- Сага кандай фильмдер жагат?
- Сен кандай нерселерди таптакыр кабыл алалбайсың?
- Эмне менен алектенүү сага бакыт тартуулайт?
- Миллион сом берем десе дагы, эмнени такыр жасабайт элең?
- Эс алууну кандай өткөрүүнү жактырасың?
- Сага кандай сапат жакпайт?
- Сен сыймыктанган нерсе? Мисалы, бир иш жасагандыр.
- Жашоодо эмнеге ыраазысың?
- Ким менен сыймыктанасың жана аны үлгү катары көрөсүң?
Бул суроолорду сурак алып жаткандай эмес, жай отуруп, өз сөзүңүз менен сураңыз. Башында өзүңүз жөнүндө айтып бериңиз. Анан ал жооп берип жатканда сезимдериңизге байкоо салыңыз. Ачууңуз келген жокпу, же көп жооптору менен макул эмессизби дегендей. Эгер сизге анын жооптору жагып, ичиңизде көпөлөутөр уча баштаса, анда мамилени андан ары улантууга болот.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.