Жаман ойлорду эле ойлоно берем. Кантип арылсам болот?
2022.05.04, 11:01
793
Саламатсызбы! Негативдүү ойлордон кантип арылса болот? Жаман ойлордон тажап кеттим. Кеңеш бериңизчи.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.05.2022, 11:06
Зарина Усупова
Психолог
Саламатсызбы! Бул жерде баары оңой. Негативдүү ойлорду ойлонбош үчүн, аларды ойлонбош керек. Алтернативдүү кылып, негативдүү ойлор келе баштаганда, дароо анын ордуна позитивдүү ойлорго өтсөңүз болот. Сиз буга чейин негативдүү ойлонуп келгендиктен, бул адаттан бир заматта арыла албайсыз. Эң негизгиси күн сайын аракет кылып, анын үстүндө иштей бериңиз, сөзсүз натыйжа болот. Негативдүү ойлор келгенде дароо позитивге өтүңүз, же акырын бир жериңизди чымчып коюңуз. Ошондо бул адат боло баштайт. Сизге ийгилик каалайм!
Зарина Усупова менен инстаграмдагы @zarina.psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп