Машинага отурса эле жүрөгү айлана бергендерге 8 кеңеш
"Токтот, кусам!" Алыс жолго чыкканда бул сөздү канча жолу айтасыз? Айдоочуну бери кой, улам түшө берип өзүңүздүн деле шайыңыз кетсе керек. Бул учурда биз даярдаган кеңештерге кулак салыңыз. Балким пайдасы тийип калар.
Баса, жол жүрүүдөн жүрөк айланууну дарылоо көп учурда натыйжасыз, ошондуктан аны алдын алууга басым жасоо керек:
- Автобус, троллейбус же поездде бараткан болсоңуз, тескери карап турган орундуктарга эмес, унаа бараткан багытта отуруңуз.
- Эгерде жеңил машине болсо, алдыңкы орундукка, ал эми учак болсо, канатындагы креслого отуруңуз.
- Салонго өтө катуу жыттанган нерселерди жана буюмдарды алып кирбеңиз, же алардан алыс отурууга аракет кылыңыз.
- Окубаңыз, кино көрбөңүз, планшетте ойнобоңуз.
- "Бүгүн жүрөгүм айланат" деген коркуу сезимиңизди айланаңыздагылар менен бөлүшпөңүз.
- Майлуу тамактарды жебеңиз, негизинен, сапарга чейин көп жебеңиз. Бирок, ач карын дагы отурбаңыз. Бул жерде сиз эксперимент жасап, өзүңүзгө туура келген жеңил тамак жеп алыңыз.
- Эгерде болбой эле кусуп жиберсеңиз, анда горизонтту караңыз, суу ичип, терезени ачып, мята же имбирь сыяктуу сергитерлик момпосуйду соруңуз.
- Эгерде мунун баары жардам бербесе, анда антигистаминдик топтун дарыларын ичсе болот. Бирок, алардын натыйжалуулугу жалпысынан төмөн экенин түшүнүү керек.
Сапарыңыз байсалдуу болсун!