Уулубузду сүннөткө отургузсак, учун эле кесип коюптур. Эми эмне болот?
2022.05.03, 11:27
4668
Уулубузду 3 жашында сүннөт кылганбыз, бирок терисин шыпырбай эле учун кесип коюптур. Азыр уулум 8 жашка чыкты, бирок чочосунун өсүшү токтоп ошол эле учурда анын катуу ( турбай) болбогонун айтты. Андан кичинекей 2 уулум бар, алар заара ушатаарда катуу болуп чоңоюп калганын көрүп калам. Бул үчүн чоочулоонун негизи барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2022, 11:30
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, уролог
Саламатсызбы! Бул жерде баланы толук текшерүүгө алышыбыз керек. Баланы көрбөй туруп эч нерсе айта албайбыз. Сиз аны балдар урологуна алып барып көрсөтүңүз. Кабатырланып отура берүүнүн пайдасы жок. Эгер уролог баары жакшы десе, анда баары баары жакшы. Алып барып бир көрсөтүп коюңуз.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп