// //

18 жумалык боюмда бар, бирок суусу аз экен. Коркунучтуу эмеспи?

2022.05.03, 11:19
1300

Саламатсызбы! Менин боюмда бар, 18 жума. Бүгүн УЗИге барсам суусу аз деп айтты. Коркунучтуу эмеспи? Кез-кезде ичим оруп калат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2022, 11:20

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Адатта, суунун жетишсиздигинин себептери ар кандай болот. Себеби аныкталган болсо, анда аны жок кылуу менен, суунун көлөмүн нормалдаштырууга болот. Себеп аныкталбаса, анда профилактикалык терапия жүргүзүлөт. 1-1,5 ай сайын УЗИнин көзөмөлүн өтүп турасыз. Тондогу суу орточо деңгээлде төмөн болсо, өтө коркунучтуу эмес. Эгер өтө эле төмөн болсо,  түйүлдүк үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Сизди карап жаткан гинекологго барып көрүнүңүз.  

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт