// //

Бул 5 нерсени ыргытсаңыз, жашооңуз жеңилдей түшөт

2022.04.28, 12:32
13890

Салам достор! Бүгүн биз силерге дароо ыргытып салсаңыз, жашооңузду өзгөртпөсө дагы, жеңилдете турган нерселер жөнүндө айтып беребиз. Эгер сизде дагы ушундай буюмдар болсо, ойлонбостон ыргытыңыз. Эсиңизде болсун, сиз жакшы нерсеге татыктуусуз. 

Өйкөгөн бут кийим. Ойлонбостон, балким чоюлуп калат дебестен, дароо отко жагып салыңыз. Анын пайдасынан, азабы көп. Ошондой эле, сизге жарашпаган кийимдерди дагы дубалдан ары ыргытыңыз.  

Бир кулагы иштебеген наушник. Ооба, ага нервди коротуунун кереги жок. Ойлонбостон, алып туруп ыргытып салыңыз. Сүйүктүү музыкаңызды, аман болсоңуз жаңы наушникте угасыз. 

Даттана берген достор. Кечке эле сизге чалып алып, өз жашоосун айтып даттана берген досторду да жашооңуздан ыргытып салыңыз. Аларга сиз көйгөйлөрүн төккөн таштанды чака эмессиз. Өзүңүздү бийик коюңуз. 

Өкүнүүлөр. Өткөнгө болгон өкүнүүлөрдү дагы ыргытыңыз. Ал учурда, ошондой болуш керек болчу, болду башка аны эстеп кереги жок. Азыр башка учур. 

Калдыктар. Косметиканын, дарылардын, банкалардын, айтор, калдыктарды чогултуп жыргап кетпейсиз. Сиз калдыктарга эмес, "свежийге" татыктуусуз, муну унутпаңыз. 

Жашоо бир келет!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт