// //

Бала бакчага барбаган баланын тили кеч чыгып калбайбы?

2022.04.27, 10:52
1005

Саламатсызбы! Балабыз бала бакчага барбайт. Бул нерсе сүйлөгөнүнө таасир этпейби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.04.2022, 10:57

Гульнара Ногойбаева

Логопед, дефектолог жана сурдопедагог

Саламатсызбы! Эгер балага бардык шарттар түзүлүп берилсе, өнүктүрүүчү борборлорго барып турса, бала активный болсо, баары жакшы болот. Менин практикамда, бала катуу тартипте эмес, кенен жүрсүн деген ой менен бала бакчага бербей койгон ата-энелер  бар. Алардын балдары кийин чоң апасынын жанында же ата-энеси менен эле жүрүп, көп жерге барып, эл көрүп, чоң адам болуп чоңоюшкандарын дагы билем. Адам адамды көрүп үйрөнөт. Бул жерде ата-эне өзүн өнүктүрүп, өздөрү дагы атайын борборлорго барып активдүү болуш керек. Болбосо, баланы бала бакчага берген эле жакшы. Бирок, бир нерсени түшүнүп биле элек, акылынын жетилүүсү кечиккен баланы бергенде, ал өз оюн айталбай коркуп кекечтенип же агрессивдүү болуп калышы мүмкүн. Бул жерде баланын жетилүүсү кандай, убагында жүрүп жатабы караш керек. Эгер өнүгүүсү кечигип жатса жана шартыңар болсо аны өнүктүргүлө. Болбосо, бала бакчага берип, адистер менен иш алып баргыла. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт