Бир айда эки жолу айыздын келишинин себеби эмнеде?
2022.04.25, 13:09
4744
Саламатсызбы! Бир айда эки жолу этек кир эмнеге келет. Олуттуу себеби барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.04.2022, 13:10
Элнура Таштемирова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Бир айда эки жолу келиши мүмкүн. Мисалы, айдын башында анан аягында. Айталы, апрелдин 3-4 төрүндө келген болсо, кайра 28-29дарында келип калышы ыктымал. Анткени, менструалдык цикл нормада 21-24 күндөн 35 күнгө чейин туура келет. Балким сиздики кыска цикл, андыктан өзүңүз канча күндө келип жатат эсептеп жазыңыз. Айыздын келген күнүнөн кийинки келген күнгө чейинки аралыкты эсептейсиз. Сөзсүз гинекологго барып кеңеш алып коюңуз.
Гинеколог менен инстаграмдагы @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп