// //

Күйөөмдөн бир комнат квартирабыздын жарымын кантип алам?

2022.04.21, 10:57
1596

Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз ажырашып жатканда мүлк бөлүштүү боюнча сотко кайрылганбыз. Сот бир бөлмөлүү батирибизди тең экиге бөлүп чечим чыгарып берген. Бирок, мен жогорку соттун чечимин жоготуп алдым. Чечим жок мамлекеттик каттоо мени батирдин жарымына ээлик кылып каттабай жатат. Жогорку сотко барып чечим сурасам "жибергенбиз, башка чечим бере албайбыз" деди. Кандай жол менен батирдин жарымына ээлик болуп катталам? Ушул күнгө чейин күйөөм ээ болуп жүрөт? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.04.2022, 11:05

Каныкей Шарапова

Юрист

Саламатсызбы!

Эң башында кайсы райондун сотуна кайрылсаңыз, ошол жака арыз менен кайрадан кайраласыз. Жогорку сотто иш каралып бүткөн соң, ал ишти райондук сотко жиберишет. Чыккан чечим райондук соттун архивинде сакталуу болот.

Юрист Каныкей Шарапова менен инстаграмдагы @lawyer.kanykei баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт