Жолдошум келиним менен сүйүү катын жазышканын билип калдым. Эми эмне кылам?
Салам! Мага психологдон кеңеш керек. Мен жолдошума өзүмдөн көбүрөок ишенип 10 жыл жашадым. Төртүнчү баламды жакында төрөйм. Бир дагы кыянаттыгын билген жокмун. Бирок кече бир тууган инимдин аялы менен сүйүү романын жазышып жүргөнүн иним кармап алыптыр. Жазышып жүргөнүнө жарым жыл болуп калыптыр. Тамашалып эле жазат элем деп жалынып, кечирим сурап жатат. Бирок мен кандай жолду тандоону билбей карангы тумандамын. Сураныч өтө муктажмын кеңешке. Бир базада иним, келиним, күйөөм бирге иштейт эле. Мен үйдө декреттемин.
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы! Абалыңызды түшүнүп турам. Чындыгында эле ишенип, сүйүп жүргөн адамдын кыянаттыгы оор болот.
Кыянаттык алыстан (кат жазуу, белек жиберүү, сүйлөшүү аркылуу) жана жакындан ( жолугушуу, бирге болуу) болот. Негизгиси бул окуяны сиз кандай кабыл алып, кандай чечим кабыл аласыз.
Мындай учурда өзүңүзгө болгон ишенимди жоготпоңуз.
Сиздин чечимиңиз- бул сиздин тандоонуз. Ошондуктан уят болот, эл эмне дейт, балдар эмне болот, туугандар эмне дейт деген ойлордон алыс болуп, өз сезимдериңизге ишенип чечим кабыл алыңыз. Бакыт каалаймын!
Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.