Турмушка чыккандан кийин канча убакытта бойго бүтүшү керек?
2022.04.19, 13:58
3759
Саламатсызбы! Турмушка чыккандан кийин качан бойго бүтүшү керек? Мисалы, мынча убакыт ичинде бойго бүтүшү керек деген нерсе барбы? Же мөөнөт берилеби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.04.2022, 14:01
Элнура Таштемирова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Эгер жыныстык катнаш коргонуу каражаттарысыз жана регулярдуу болсо, эки жубайдын тең организми жакшы болсо, 3-6 ай аралыкта кош бойлуулук күтүлүшү керек. Бирок, жубайларга бир жылга чейинки мөөнөт беребиз. Эгер бул аралыкта бойго бүтпөсө, анда жубайлардын экөө тең текшерүүдөн өтүшү керек.
Гинеколог менен инстаграмдагы @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп