Үч жаштагы кызымдан "выделение" келет. Эмне кылсам болот?
2022.04.18, 10:34
2257
Саламатсызбы! Үч жаштагы кызымдын "выделение" келет. Эмне кылсам болот? Гинекологго алып баргандан коркуп жатам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.04.2022, 10:38
Элнура Таштемирова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Мындай көрүнүш кийинекей кыздарда дагы болот. Өздүк гигиенасын жакшылап, туура сактаңыз. Күнүнө алдын эки маал жууп, ич кийимин дагы эки-үч жолу алмаштырып туруңуз. Ич кийими кездемеден тигилген болсун. "Выделениянын" жытын, түсүн байкаңыз. Бизде балдар гинекологу бар. Ошолорго алып барып, мазок тапшыртыңыз. Жыйынтыгына жараша дарылануу курсун жазып беришет. Гинекологго алып баргандан коркпоңуз. Алар кичинекей кыздардан кантип мазок аларды билишет.
Гинеколог менен инстаграмдагы @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп