ГАИ болгум келет
Мен Ош айыл чарба техникумунда айыл чарбасын механизацилаштыруу бөлүмүндө окуйм. Окууну аяктагандан кийин авто дорожныйга тапшырып ГАИ болсоң болот дешти. Ошол жөнүндө кененирээк жооп берип койосуздарбы сураныч.
Кусеин Колбаев атындагы Бишкек Автомобиль-жол колледжинин кабыл алуу коммиссиясы жооп берди:
Ооба, окууңузду бүткөндөн кийин бизге келип каалаган адисттикке тапшыра берсеңиз болот. Биздин дипломдун негизинде автоишканаларда, транспорттук инспекцияда, транспорттук-экспедициялык жана логистикалык компанияларда, автосервистерде, жол-куруу ишканаларында, жүк терминалдарында, жол көзөмөлдөө кызматтарында жана башка кызматтарда иштей аласыз. Азырынча кабыл алуу баштала элек. Шарттар өзгөрүп кетиши мүмкүн. Окуу жайларга кирүү сынактары башталганда бизге документтериңиз менен келсеңиз болот. Ошондо кененирээк маалымат ала аласыз.