Сиңдим мага таштап кеткен баласын албай жүрөт. Эмне кылсам болот?
Мен сиңдимдин баласын 3 жашынан бери багып келем. Бул кадамым менен аны көп милдеттен бошоттум окшойт. Себеби, баласына көңүл бурбайт, мен аны бакканымдын түйшүгүн түшүнбөйт. Баласын берейин десем ар кайсы шылтоону айтып, келбей жүрөт. Бирок баласы да энесине баргысы жок. Сиңдим жеңил кадамдарда жүрөт. Эмне кылышым керек?
Асель Баимбетова
Психолог
Баланы канча жылдан бери багып келесиз? Ал азыр канча жашта?
Биринчи кезекте баланын кызыкчылыгын, ага кайсы жерде жакшы боло турганын эске алуу керек.
Эгер сиңдиңиз баласын алгысы келбесе, сиз аны өзгөртө албайсыз.
Колуңуздан келсе, шартыңыз болсо, баланы өзүңүзгө эле алып калыңыз. Апасына да баргысы келбейт деп жаздыңыз. Күчкө салып берип койсоңуз, кийинки тагдырына, мүнөзүнө терс таасирин тийгизет.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.