Аял кишинин ден соолугу жакшы болсо, канча жашка чейин төрөсө болот?
2022.04.14, 15:58
10960
Саламатсызбы! Аял кишинин ден соолугу жакшы болсо, канча жашка чейин төрөсө болот? Ушул суроомо жооп алып бериңизчи.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.04.2022, 16:00
Элнура Таштемирова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Орточо эсеп менен 45-55 жашка чейин аралыкта менопауза (климакс) башталат. Ага чейин мүмкүнчүлүк бар. Бирок, 30-35 жаштан өткөндөн кийин энелик бездерибиз функциясын өзгөртө баштайт, жумурткалар саны азайып, гормондор өзгөрүлө баштайт. Ошол эле убакта 40тан өтүп көз жаргандар дагы бар. Баары индивидуалдуу, организмден көз каранды. Бирок, жаш курак маанилүү эле ролду ойнойт.
Гинеколог менен инстаграмдагы @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп