Тиш бул 5 себептин айынан улам саргарып кетет
2022.04.13, 15:46
1264
Тиш - таза, аппакай, күрүчтөй тизилип турса адамды көрккө бөлөп турат. Бирок “бир күндө эки ирээт тишиңди жуу, тиш щеткасын үч айда бир алмаштырып тур” деген шарттарды аткарбай көйгөйгө кабылгандар аз эмес. Стоматолог Рысбек Бекишов тиштин саргарып кетүүсүнүн себептерин айтып берет.
- Генетика. Тиштин эмалына жана мүлкүнө доо кетирген оорулар бар. Оору тиштин саргарып кетүүсүнө алып келет. Мындай учурда тиштин саргарышы ата-энеден баласына өтөт. Бул учурда тишти агартып коюу мүмкүн эмес
- Чылым чегүү. Тиштин бузулушуна жана саргарып кетишине чылым чегүү өтө чоң таасирин берет. Себеби тамекинин курамындагы никотин тиштин сырткы эмалына жабышып терең сиңишип кетет. Чылымдан топтолгон чайырды кетирүүгө тиш пастасынын күчү жетпейт.
- Курамында кант бар азык. Бир күндө бир нече курамында кант бар тамак-аштарды жесеңиз тишиңиздеги сары түз күчүнө кирет.
- Суусундук. Кофе, пепси, кока-кола, коюу демделген чайлар тишти өчпөй турган сары же күрөң түскө боёчу каражаттардын катарын толуктайт.
- Жаш курак. Жаш өткөн сайын тиштин эмалдары жукарат. Эгерде чылым тартпасаңыз, таттууларды аз өлчөмдө колдонсоңуз саргарган тиштерге эрте жашта эле ээ болуп калбайсыз.
Ден соолукта болуңуз!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.