// //

Кайын энем менен кайын эжем көчөгө чыгып мени жамандайт. Эмне кылсам болот?

2022.04.13, 10:27
5431

Саламатсызбы! Мен психологдун жардамына аябай муктажмын. Үй-бүлөмдө кайын энем, кайын эжем болуп чогуу жашайбыз. Алардын киришкени, көчөгө чыгып мени жамандаганы аябай чүнчүттү. Ушул жоруктарынан улам элге деле кошулгум келбей, нервденип балдарымдан чыгарчу болдум. Көңүлүмө албайм десем да катуу тиет. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.04.2022, 10:30

Зарина Усупова

Психолог

Саламатсызбы! Кайын эне, кайын эженин жамандаганын сизге жеткирип келип жаткан адамга жиниңиз келсе туура болчудай. Ошондо сиз "Эл эмне дейт?", дегенденби же үйдө отуруп сизди сыртка жамандаганынан жаман болуп жатасызбы?

Кандай болбосун ачык өзүлөрүнөн сурап, тактаңыз балким бул чындыкка туш келбейт. Чын десеңиз, бул нерсе сизге катуу тийип жатканын, элге кошула албай чүнчүп, кайгырып жатканыңызды акырын айтыңыз. Адамда өзүнө болгон ишенич, сүйүү күчтүү болсо, ким эмне дегени баары бир болот эле.

Өкүндүргөн нерсе жок жерден балдарды жазалаганыңыз. Аларды келечекте ызакор болуп, өзүн коргой албай калбасын десеңиз, балдарды пайдаланганды токтотуңуз!

Зарина Усупова менен инстаграмдагы @zarina.psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт