Кайын энем менен кайын эжем көчөгө чыгып мени жамандайт. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен психологдун жардамына аябай муктажмын. Үй-бүлөмдө кайын энем, кайын эжем болуп чогуу жашайбыз. Алардын киришкени, көчөгө чыгып мени жамандаганы аябай чүнчүттү. Ушул жоруктарынан улам элге деле кошулгум келбей, нервденип балдарымдан чыгарчу болдум. Көңүлүмө албайм десем да катуу тиет. Эмне кылсам болот?
Зарина Усупова
Психолог
Саламатсызбы! Кайын эне, кайын эженин жамандаганын сизге жеткирип келип жаткан адамга жиниңиз келсе туура болчудай. Ошондо сиз "Эл эмне дейт?", дегенденби же үйдө отуруп сизди сыртка жамандаганынан жаман болуп жатасызбы?
Кандай болбосун ачык өзүлөрүнөн сурап, тактаңыз балким бул чындыкка туш келбейт. Чын десеңиз, бул нерсе сизге катуу тийип жатканын, элге кошула албай чүнчүп, кайгырып жатканыңызды акырын айтыңыз. Адамда өзүнө болгон ишенич, сүйүү күчтүү болсо, ким эмне дегени баары бир болот эле.
Өкүндүргөн нерсе жок жерден балдарды жазалаганыңыз. Аларды келечекте ызакор болуп, өзүн коргой албай калбасын десеңиз, балдарды пайдаланганды токтотуңуз!
Зарина Усупова менен инстаграмдагы @zarina.psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.