Кайын эне менен таанышуу
Мен зарыл үйлөнүш керекмин. 3 айдан бери бир кыз менен сүйлөшүп жатам, бирок болгону ал менен 1 жолу эле жолуккам. Жакын арада башка шаарга көрүшкөнү кетем. Эгер кыз жагып калса эртеси күнү апасы менен жолугамын. Энеси менен биринчи таанышуу мен үчүн өтө белгисиз болуп жатат, кантейин?
Сиздин айтууңуз боюнча 3 айдан бери кыз менен сүйлөшүп жүрүп бирок бир эле жолу көрүшүптүрсүз. Өзүңүздүн кызга болгон сезимиңизди жакшыртыш үчүн жолугушууларды өткөрүп туруңуз, түштөнүүгө, кечки тамака чакырыңыз, майрамдарда мүмкүн кичине белек бересиз. Үйлөнүш керек деп эле шашуу да кичине жаңылыштык болот, сөзсүз жакындан бири-бириңиздерди билүү абдан маанилүү. Жакшы сезимдер бирге болгон учурларда, жолугушуу учурларында билинет. Бирге киного баргыла, кыскасы бир аз убакыт чогуу болуп эң ириде сиздин ага, анын сизге болгон сезимдерин көргүлө. Ал эми кыздын апасы менен жолугушуу учуру албетте ар бир жаңы таанышып жаткан жигит үчүн өтө толкундануу мүнөттөрү. Андан эч качан кача албайсыз, андан көрө өзүңүздү колго алып тескерисинче жолугушуу учурунда өзүңүздү жакшы жагынан көрсөтүңүз. Маданияттуу алып отуруңуз. Суроолоруна түз жана ачык жооп бериңиз, анткени түз жана чынчыл жооптор адамдын ишенимин арттырып ага болгон сый-урматты жогорулатат. Баардыгы сиздин колуңузда, баары жакшы болот, бактылуу болушуңуздарга тилектешпиз!