// //

Бир айлык баламдын бир жумурткасы качан ордуна түшөт?

2022.04.12, 10:41
1677

Саламатсызбы! Бир айлык баламды врачка алып барсам, бир жумурткасы түшө элек экен деди. Сиерде ыйлап, анан сиет. Качан түшөт. Эмне кылсам болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.04.2022, 10:43

Болот Рысбаев

Медицина илимдеринин кандидаты, уролог 

Саламатсызбы! Муну "крипторхизм" деп коет. Балаңызга бир ай эле болуптур, дагы убакыт керек. Мындайча айтканда, эки жашка чейин убакыт берилет. Эгер эки жашка чейин жумурткасы ордуна түшүп калбаса, операция же дары-дармек жолу менен түшүрүлөт. Бул көйгөй заара ушатуусуна түз таасир тийгизет деп айта албайбыз. Сийип жатканда ыйлап, оорутуп жатат десеңиз, балдар урологуна алып барыңыз. Баланы текшерип, изилдеп көрүшүбүз керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт