20-апрелде төрөйм. Сүйүнчү акчаны кантип алам?
Саламатсызбы! 20-апрелде төрөйм. Сүйүнчү акчаны кантип алам? Айтып коесузбу?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Бир жолу берилүүчү "Балага сүйүнчү" жөлөкпулун паспорт жана баланын күбөлүгү менен алсаңыз болот. Бала төрөлгөндөн кийин алты ай өткөрбөстөн, өзүңүзгө жакын жайгашкан ЖААК органдарына же ЖТБга (ЗАГС, ЦОН) кайрылыңыз. Мисалы, каттооңуз айылда болсо дагы, факт жүзүндө жашаган жериңизден ала бересиз.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.