// //

Көз айнексиз көргүм келет

2018.02.05, 14:22
867

Менин көзүмдүн көрүүсү -1. Адамдардын бетин көз айнексиз тунук көрө албайм. Маршруттук таксинин номерин дагы жаныма келгенде көрөм. Мен көз айнексиз көргүм келет. Көрүүнү калыбына келтирсе болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.02.2018, 14:26

Аида Аскеева

офтальмолог

Көздүн көрүүсүн мурункудай кылып толук калыбына келтирүү чанда гана кездешет. Көрүүң начар болсо доктурларга эртерээк кайрылуу керек, анткени күндөн-күнгө көрүү начарлап, кийин кеч болуп калат. Адистин сунуштоосу менен витаминдерди ич. Үй шартында төмөндөгүдөй көнүгүүлөрдү кылып турсаң жардамын тийгизет.

 

  1. Жалюзи. Көздү тез жана жеңил түрдө 2 минута ачып жумуу. Мындай көнүгүү көздөгү кандын айлануусуна пайда.
  2. Терезеге (айнек ) кароо. Желимден ( пластилин ) кичинекей тоголок жазап, терезеге чаптап аласың. Андан кийин бир нече секунд терезеден алыстыкты карап алып, кайра чапталган тоголокту карайсың. Көз менен фокус алганга жакшы.
  3. Чоң көздөр. Түз олтурасың. Көзүңдү 5 секунддай бекем кысасың, анан чоң кылып ачасың. Мындай көнүгүүнү 8ден 10 жолу кайталайсың. Бул ыкма көздүн булчуңдарын чыңдоого, кандын айлануусуна жардамын берет.

Мындан тышкары дагы көптөгөн көнүгүүлөр бар, ошолорду аткарып тур анан албетте доктурга көрүн.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт