Көз айнексиз көргүм келет
2018.02.05, 14:22
1046
Менин көзүмдүн көрүүсү -1. Адамдардын бетин көз айнексиз тунук көрө албайм. Маршруттук таксинин номерин дагы жаныма келгенде көрөм. Мен көз айнексиз көргүм келет. Көрүүнү калыбына келтирсе болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.02.2018, 14:26
Аида Аскеева
офтальмолог
Көздүн көрүүсүн мурункудай кылып толук калыбына келтирүү чанда гана кездешет. Көрүүң начар болсо доктурларга эртерээк кайрылуу керек, анткени күндөн-күнгө көрүү начарлап, кийин кеч болуп калат. Адистин сунуштоосу менен витаминдерди ич. Үй шартында төмөндөгүдөй көнүгүүлөрдү кылып турсаң жардамын тийгизет.
- Жалюзи. Көздү тез жана жеңил түрдө 2 минута ачып жумуу. Мындай көнүгүү көздөгү кандын айлануусуна пайда.
- Терезеге (айнек ) кароо. Желимден ( пластилин ) кичинекей тоголок жазап, терезеге чаптап аласың. Андан кийин бир нече секунд терезеден алыстыкты карап алып, кайра чапталган тоголокту карайсың. Көз менен фокус алганга жакшы.
- Чоң көздөр. Түз олтурасың. Көзүңдү 5 секунддай бекем кысасың, анан чоң кылып ачасың. Мындай көнүгүүнү 8ден 10 жолу кайталайсың. Бул ыкма көздүн булчуңдарын чыңдоого, кандын айлануусуна жардамын берет.
Мындан тышкары дагы көптөгөн көнүгүүлөр бар, ошолорду аткарып тур анан албетте доктурга көрүн.
0
Пайдалуу жооп