// //

11-классты бүтүп жатам. Психолог болуш үчүн кайсы сабакты жакшы окуюн?

2022.04.05, 11:02
1942

Саламатсызбы! Мен 11-классты бүтүп жатам. Психология илимине кызыгам. Эмнелерге көбүрөөк басым жасашым керек? Тактап айтканда кайсы сабактарга?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.04.2022, 11:05

Нуриза Батырбекова

Психолог

Саламатсызбы! Сурооңуз үчүн чоң рахмат. Психология гуманитардык илим болгондуктан ЖРТдан негизги тестти, кошумча сабактардан тарых сабагын тандайсыз. Психолог болгуңуз келсе, бир же эки сабакты гана жакшы окуу эмес, бардык сабактардан жетишкенге аракет кылыңыз. Анткени психология өзүнө көптөгөн нерселерди камтыйт. Андыктан, изденип, ар тараптуу болуңуз. Өзүңүздү изилдегенге көп басым жасаңыз. Өзүңүз жөнүндө күндөлүк ачып, ойлоруңуз, сезимдериңиз жөнүндө жаза баштаңыз. Бул ыкма кийинки жумушуңузга, психолог болуп калыптанышыңызга жакшы таасир тийгизет. Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт